Редакцияот 13.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XХХXXVII сессиясы

 

2015-жылдын 13-октябры№ 2

Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы ФАПтардын, клуб, китепкана башчыларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө

Дара айыл өкмөтүнүн ФАПтардын, клуб, китепкана башчыларынын аткарып жаткан иштери жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XХХXXVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл өкмөтүнүн ФАПтардын, клуб, китепкана башчыларынын аткарып жаткан иштери канаатандырырлык деп белгиленсин.

2. Айылдагы ФАПтардын, клуб жана китепкана башчылардын эл менен тыгыз байланышта иштөөсүн камсыз кылуу жана көзөмөлдөө ар бир айылдын айыл башчыларына тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык жана маданий иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А. Мажилимов