Редакцияот 18.12.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXXXIХ сессиясы

 

2015-жылдын 18-декабры № 3

Баткен РИИБнун ага аймактык тескөөчү милициясынын 2015-жылдын 11 ай ичинде аткарган иштери жана Дара айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук уюмдардын жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө

Баткен РИИБнун ага аймактык тескөөчү милициянын майору С. Маккамбаевдин 2015-жылдын 11 ай ичинде аткарган иштери жана айыл өкмөтүнүн аялдар кеңеши, аксакалдар сотунун жыл ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматтарды угуп, талкуулап, Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXXXIX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен РИИБнун ага аймактык тескөөчү милициясынын жана айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин, аксакалдар сотунун 2015-жыл ичинде аткарган иштери канаттандыраарлык деп табылсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенешинин административдик укуктук маселелер жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Мажилимов