Редакцияот 11.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

 

2015-жылдын 11-февралы № 5

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы жеке ветеринар тарабынан кызмат көрсөтүүдө акы төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы мал жандыктарга жеке ветеринардык кызмат көрсөтүүдө акы төлөмдөрүн бекитүү үчүн Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Артыковдун сунушун угуп жана талкуулап, Төрт-Гүл айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы мал жандыктарга жеке ветеринардык кызмат көрсөткөндүгү үчүн төмөнкүдөй өлчөмдө акы толомдору бекитилсин. (Баа боюнча прейскурант тиркелет).

2. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ветеринардык инспекторуна жана жеке ветеринарга милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

Төрага

М. Жалалов