Редакцияот 10.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сейдикум айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы

 

2015-жылдын 10-февралы № 7

Сейдикум айыл аймагынын Сейдикум айыл өкмөтүнө караштуу айылдык ден-соолук комитеттери жөнүндө

Сейдикум айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы, Сейдикум айыл өкмөтүнө караштуу АДКлардын сураныч катын угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сейдикум айыл аймагынын Сейдикум айыл өкмөтүнө караштуу АДКларга 12000 (он эки миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сейдикум айылдык Кеңештин Бюджет жана экономикалык пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Ирисовко милдеттендирилсин.

 

Төрага

Э. Досов