Редакцияот 07.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕЙДИКУМ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сейдикум айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

 

2015-жылдын 7-майы № 1

Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысынын 2014-жылга аткарылган иштери боюнча отчету жөнүндө

Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысы Сатаркулов Таалайбек Абдыкаровичтин 2014-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштерин угуп жана талкуулап чыгып Сейдикум айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сейдикум айыл өкмөтүнүн башчысы Сатаркулов Талайбек Абдыкаровичтин 2014-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.

2. Сейдикум айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жогорулатуу максатында түзгөн иш-чарасы бекитилсин жана 2015-жылга Айыл Өкмөт башчыга айтылган сунуштар эске алынып, аткарууга алынсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрага

Э. Досов