Редакцияот 22.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 5–чакырылышынын 24–кезексиз заседаниеси

 

2016-жылдын 22-январы № 24\1

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылындагы Южный каналдын К-1 алышынан МSDSP KӘ коомдук фонду тарабынын (АГАХАН) 3км 110 метр жерге латковый канал курдуруу жөнүндөгү Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаиловдун билдирүүсү жөнүндө

Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылындагы Южный каналдын К-1 алышынан МSDSP KӘ коомдук фонду тарабынын (АГАХАН) 3км 110 метр жерге латковый канал курдуруу жөнүндөгү Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жаңы-Алай айылдык кеңешинин 5–чакырылышынын 24–кезексиз заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылындагы Южный каналдын 1-к алышынан элдин үлүшүн жана там алдындагы жерлерди сугаруу үчүн МSDSP KӘ коомдук фондунан (АГАХАН) 3км 110 метр жерге латковый канал куруу жөнүнүндөгү Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаиловдун билдирүүсү жактырылсын.

2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай айылындагы Южный каналдын 1-к алышынан 3км 110метр жерге курулуучу латок каналынын МSDSP KӘ коомдук фонду тарабынын (АГАХАН) курдуруу жөнүндөгү Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн №1 19.01.2016-жылдагы токтому бекитилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А. Исмаиловго, көзөмөлдөө туруктуу комиссияга милдеттендирилсин

 

Төрага

З. Эрматов