Редакцияот 15.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 15-марты № 1

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы финансылык отчетун бекитүү жөнүндө

Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VI чакырылышынын отуз төртүнчү сессиясы, айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы финансылык отчетун угуп, талкуулап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2014-жылдагы финансылык отчету: кирешеси боюнча пландагы 4601,5 миң сомдун ордуна 4623,9 миң сомду түзүп, 100,5 % га, чыгашасы боюнча пландагы 4601,5 миң сомдун ордуна 4558,1 мин сомду түзүп, 99,1% га аткарылгандыгы бекитилсин.

 

Төрага

Т. Койчубаев