Редакцияот 03.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 24-чакырылышынын кезексиз 27-сессиясы

 

2016-жылдын 3-февралы № 4

Жайылган айылындагы жаңы көчөгө Сатишев Мухамеддин ысымын берүү жөнүндө

Покровка айылынын тургуну Б. Сатишевдин жана айыл тургундарынын Мухамед Сатишевдин ысымын Жайылган айылындагы жаңы көчөгө ыйгарып берүү боюнча кайрылууларын карап жана талкуулап, Покровка айылдык аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Покровка айылдык аймагына караштуу Жайылган айылындагы аты жок жаңы көчө Мухамед Сатишев атындагы көчө болуп аталсын.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Базакечовго милдеттендирилсин.

 

Төрайым

Г.А. Садырова