Редакцияот 25.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бешик-Жон айылдык кеңештин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

 

2016-жылдын 25-февралы № 10

“Аксакалдар кеңешинин төрагасы Токторов Жакыпбектин арызы жөнүндө”

Бешик-Жон айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы, Бешик-Жон айыл аймагынын аксакалдар кеңешинин төрагасынын 2016-жылга эмгек акысын бекитип берүүсүн сурап кайрылган арызы боюнча угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бешик-Жон айыл аймагынын аксакалдар кеңешинин төрагасына 2016-жылга жылга 5000 (беш миң )сом акча каражаты эмгек акы катары бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн www.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.

3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин « Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .

 

Төрага

А. Маманов