Редакцияот 17.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Шарк айылдык кеңешинин (V шайланган) кезексиз XIX сессиясы

 

2015-жылдын 17-октябры № 3

Шарк айылдык аймагындагы элден түшкөн арыздарды кароо жөнүндө

Шарк айылдык аймагындагы элдин турмуш денгелин которуу инфрастурктурасын оңдоо, айылдык аймактарда санитардык-гигиеналык абалды жакшыртуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шарк айылдык аймагындагы элдин турмуш денгелин которуу инфраструктурасын оңдоо, айылдык аймактарда санитардык гигиеналык абалды жакшыртуу максатында айыл аймагында тиричилик таштандыларды ташуу үчүн келишимдин негизинде автомашина уюштурулсун.

2. Айылдык аймактын жашоочуларын тиричилик таштандыларын ташып кетүү үчүн белгиленген сметанын негизинде ай сайын 100 (жүз) сом өлчөмүндө акы төлөө белгиленсин.

3. Айылдык аймактын жашоочулары менен эки тараптуу келишимдер түзүлсүн. Ушул токтомдун ишке ашыруу жагы Шарк айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Салиев