Редакцияот 29.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXVII сессиясынын отуруму

 

2016-жылдын 29-февралы № 27/03

Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын 1:1500 масштабдагы картасын даярдоо үчүн тийиштүү акча каражатын ажыратылып берүү жөнүндө

Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын 1:1500 масштабдагы картасын даярдоо үчүн тийиштүү акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратып берүү жөнүндөгү маселени карап, кызуу талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнө караштуу Гүлбаар айылынын 1:1500 масштабдагы картасын даярдоо үчүн тийиштүү акча каражаты мыйзам чегинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен ажыратылып берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭО башчысы А.Рысбаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Тажибаев