КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Керме-Тоо айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз ХXIX сессиясынын отуруму
2016-жылдын 25-апрели № 29/03
Кичик-Алай айылындагы Карага-Сай участкасынан көмүр топтоочу база куруу үчүн 3 га жер аянтын узак мөөнөткө ижарага берүү жөнүндөгү «Беш-Арча» ЖЧКнын мүдүрү Мамытовдун арызын кароо жөнүндө
Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары күн тартибиндеги маселе Кичик-Алай айылындагы Карага-Сай участкасынан көмүр топтоочу база куруу үчүн 3 га жер аянтын узак мөөнөткө ижарага берүү жөнүндөгү «Беш-Арча» ЖЧКнын мүдүрү Мамытовдун арызын карап, кызуу талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кичик-Алай айылындагы Карага-Сай участкасынан көмүр топтоочу база куруу үчүн 3 га жер аянтын узак мөөнөткө ижарага берүү жөнүндөгү «Беш-Арча» ЖЧКнын мүдүрү Мамытовдун арызы канаатандырылсын.тийиштүү болгон жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Тийиштүү болгон жер аянтын ажыратып берүү боюнча документацияларды даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышы көзмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер жана агарадык маселелер боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төрага | А. Тажибаев |