Редакцияот 27.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз ХXX сессиясынын отурумунун токтому

 

2016-жылдын 27-июну № 30/02

Араван райондук прокуратурасынын каршылык билдирүү катынын негизинде Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-апрелиндеги 29/08 сандуу токтому мыйзамсыз кабыл алынгандыктан жогорудагы токтомду жокко чыгаруу жөнүндө

Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттары, күн тартибиндеги маселе боюнча,Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2016-жылдын 25-апрелиндеги 29/08 сандуу токтому мыйзамсыз кабыл алынгандыктан, жогорудагы токтомду жокко чыгаруу жөнүндөгү Араван райондук прокуратурасынын каршылык билдирүү катын карап чыгып, кызуу талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Араван райондук прокуратурасынын каршылык билдирүү катынын негизинде Керме-Тоо айылдык кеңешинин 2016-жылдын25-апрелиндеги 29/08 сандуу токтому жокко чыгарылсын.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө милдети айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Тажибаев