Редакцияот 20.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ–АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат районундагы Кыргыз – Ата айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) кезексиз жыйырма экинчи сессиясы

 

2016-жылдын 20-январы № 22-1

Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын М.Айдаралиев атындагы көчөсүнүн 2016-жылдын 15-январындагы № 1 протоколунун чечимин бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын М.Айдаралиев атындагы көчөсүнүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкер көрсөтүү жөнүндөгү 2016-жылдын 15-январындагы № 1 протоколунун чечимин бекитүү боюнча маселени карап жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча участкалык комиссиялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Ак-Булак айылынын М.Айдаралиев атындагы көчөсүнүн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкер көрсөтүү жөнүндөгү 2016-жылдын 15-январындагы № 1 протоколунун чечими бекитилсин.

2. Кыргыз-Ата айыл аймагынан көрсөтүлгөн талапкердин документтерин тактап Борбордук шайлоо комиссиясынын Ноокат райондук өкүлүнө тапшыруу Кыргыз-Ата айылдык кеңещинин жооптуу катчысы Ж. Нурматовго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз-Ата айылдык кеңештин төрагасы К. Назарбаевге тапшырылсын.

 

Төрага

Турдуев