Редакцияот 20.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезексиз VII-сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

 

2016-жылдын 20-январы № 6

«Айыл өкмөтүнүн өздүк сайтын ачуу маселеси жөнүндө»

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүнүн жооптуу катчысы А.Зикировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн өздүк сайтын ачуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан 20,0 (жыйырма) миң,сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Жогорудагы 20,0(жыйырма)миң сом айыл өкмөтүнүн эсеп счетунда 2016-жылдын 01-январына карата калган акча каражатынын эсебинен төлөнүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө тапшырылсын.(Т.Туйбаев)

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.(У.Атабаев)

 

Төрага

А. Беделов