Редакцияот 29.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

 

2016-жылдын 29-апрели № 2

«Айылдык аймактын айылдарындагы кароосуз трансформаторлордун санын тактоо жана аларды Кара-Суу РЭТинин балансына өткөрүп берүүгө канча акча каражаты талап кылынаарын аныктоо жөнүндө»

Отуз-Адыр айылдык аймагындагы айылдардагы кароосуз трансформаторлордун санын тактоо жана аларды Кара-Суу РЭТинин балансына өткөрүп берүүгө канча акча каражаты талап кылынаарын аныктоо максатында айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдык аймактын айылдарындагы кароосуз трансформаторлордун санын тактоо жана аларды Кара-Суу РЭТинин балансына өткөрүп берүүгө канча акча каражаты талап кылынаарын аныктоо иштери айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Аликулов Таалайбек тарабынан тез арада бүткөрүлсүн.

2. Жогоруда аталган иштердин бүткөрүлгөндүгү тууралу маалымат айылдык кеңештин X сессиясына билдирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.(Т.Туйбаев)

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Мурзаев Асабидинге тапшырылсын.

 

Төрага

А. Беделов