Редакцияот 29.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

 

2016-жылдын 29-апрели № 6

«Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Кызыл-Абад, Ынтымак жана Кожомбак айылдарында калктуу конуштар үчүн калтырылган жер аянттарына жана Отуз-Адыр айылындагы Машрап-Сайдын жээгиндеги № 820 контурдагы 0,5 га айыл чарбасына жараксыз делип белгиленген жер аянтына генплан даярдатуу жөнүндө»

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн башкы адиси Базарбаев Төлөнбайдын жеке менчик турак-жай куруу маселелери жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Отуз-Адыр айылдык аймагынын тургундарынын жеке менчик турак-жай курууга болгон муктаждыктарын эске алып айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айылдык аймагына караштуу Кызыл-Абад айылындагы № 257-контурдан калктуу конуштар үчүн калтырылган 2,0 га, Ынтымак айылындагы № 941-контурдан калктуу конуштар үчүн калтырылган 8,0 гадан 2,0 га, Кожомбак айылын-дагы №1016-контурдан калктуу конуштар үчүн калтырылган 0,5 га, №1018-контурдан калктуу конуштар үчүн калтырылган 0,9 га, №1019-контурдан калктуу конуштар үчүн калтырылган 1,3 га жер аянттарына жана Отуз-Адыр айылындагы Машрап-Сайдын жээгиндеги №820 контурдагы 0,5 га айыл чарбасына жараксыз делип белгиленген жер аянтына генплан даярдатууга уруксат берилсин.

2. Керектүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынан, каттоодон өткөрүп берүү жагы Кара-Суу райондук мамкаттоо башкармалыгынан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн (Т.Туйбаев)

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (А.Адашов)

 

Төрагасы

Т. Туйбаев