Редакцияот 29.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (бешинчи чакырылыштагы)

 

2016-жылдын 29-апрели № 9

«Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Отуз-Адыр айылынын «Зымырык»бөлүгүнө айыл статусун берүү жөнүндө»

Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Зикиров Абдимомундун Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Отуз-Адыр айылыңыз «Зымырык» бөлүгүнө айыл статусун берүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Отуз-Адыр айылдык аймагындагы Отуз-Адыр айылынын «Зымырык»бөлүгүнө айыл статусу берилсин.

2. Ушул токтомду бекитип берүү Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.

3. Жогоруда аталган айылга айыл статусун берүү боюнча тийиштуу иш кагаздарын даярдоо жана ушул токтомдун аталышын камсыз кылуу жагы Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.(Т.Туйбаев)

4. Токтомдун атарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кенештин админстративдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. (С.Алдраков)

 

Төрага

А. Беделов