Редакцияот 29.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы (бешинчи чакырылыштагы)

 

2016-жылдын 29-апрели №16

2014-жылдын 27-январында түзүлгөн өткөрүп берүү актынын негизинде Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 1113,798 миң.сом дебитордук карыз жөнүндө

2014-жылдын 27-январында түзүлгөн өткөрүп берүү актынын негизинде Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 1113,798 миң.сом дебитордук карыз жөнүндөгү маселени карап чыгып айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 27-январында түзүлгөн өткөрүп берүү актынын негизинде Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 1113,798 миң.сом дебитордук карыз Отуз-Адыр айыл өкмөтү тарабынан төлөнүп берилбесин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн (Т.Туйбаев).

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын (У.Атабаев).

 

Төрага

А. Беделов