Редакцияот 17.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги VI сессиясынын (бешинчи чакырылыштагы)

 

2015-жылдын 17-ноябры № 6

«Агро-Дан+» үрөнчүлүк чарбасынын уюштурулушунун (иш жүргүзүүсүнүн) ченемдик-укуктук негиздерин кароо жөнүндө

«Агро-Дан+» үрөнчүлүк чарбасынын директору Айдаров Омардын «Агро-Дан+» үрөнчүлүк чарбасы жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Агро-Дан+» үрөнчүлүк чарбасынын уюштурулушунун (иш жүргүзүүсүнүн) ченемдик-укуктук негиздери айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы (А. Адашов) тарабынан каралып чыгылсын.

2. «Агра-Дан+» үрөнчүлүк чарбасынын уюштурулушунун (иш жүргүзүүсүнүн) ченимдик-укуктук негиздерин карап чыгуунун жыйынтыгы жөнүндөгү маалымат айылдык кеңештин кийинки сессиясына билдирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына тапшырылсын (А. Мурзаев).

 

Төрага

А. Беделов