Редакцияот 12.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXVIII заседаниеси

 

2016-жылдын 12-февралы № 28/5

2015-жылдагы бюджеттин киреше бөлүгүнөн түшкөн кошумча акча каражатынан 2016-жылдын 1-январына өткөн калдыктын эсебинен жетишпеген жана керектүү статьяларга бөлүп берүү жөнүндө

Жошолу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнөн түшкөн кошумча акча каражатынан 2016-жылдын 1-январына өткөн калдыктын эсебинен жетишпеген жана керектүү статьяларга бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысы Ж.Өмүрзаковдун билдирүүсүнүн негизинде Жошолу айылдык кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жошолу айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бюджеттин киреше бөлүгүнөн түшкөн кошумча акча каражатынан 2016-жылдын 1-январына өткөн калдыктын эсебинен Жошолу айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнүн негизинде төмөндөгү беренелерге бөлүнүп берилсин:

 

№

Бөлүмдөр

 

Беренелер

Сумма

Эмне үчүн

1

701

2211

2,0

Сапардык чыгымдар

2

701

2215

9,7

Ар түрдүү кызмат көрсөтүү

3

702

2215

1,0

Ар түрдүү кызмат көрсөтүү

4

709

2215

37,9

Ар түрдүү кызмат көрсөтүү

5

709

3111

62,1

Имараттар жана жабдыктар

6

709

2218

16,7

Бала бакчанын тамак-ашына

7

709

2221

160,0

Бала бакчанын текущ. ремонту

8

710

2215

1,5

Ар түрдүү кызмат көрсөтүү

 

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын керектүү беренелер боюнча туура, максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Жогорудагы токтомдо көрсөтүлгөн беренелерге кошумча план киргизип берүү жагы райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.

 

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Өмүрзаковго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Иманахунов