Редакцияот 15.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Өзгөн шаардык кеӊешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVI сессиясынын отуруму

 

2016-жылдын 15-сентябры № 26/11

БУУ Өнүктүрүү Программасынын «Ош облусун интеграцияланган өнүктүрүү» долбоорунун алкагында жана башка Эл аралык уюмдар менен иштешүүгө № 2 «Төрт-Көчө» жана № 4 «Таштак» муниципалдык өз алдынча башкаруулары аркылуу иштөөгө макулдук берүү жөнүндө

Өзгөн шаардык кеӊешинин (V чакырылышынын) кезектеги XXVI сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген Өзгөн шаар мэриясынын 2016-жылдын 18-августундагы № 636 катынын негизинде сунушталган маселени угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. БУУ Өнүктүрүү Программасынын “Ош облусун интеграцияланган өнүктүрүү” долбоорунун алкагында жана башка Эл аралык уюмдар менен иштешүүгө № 2 «Төрт-Көчө» жана №4 «Таштак» муниципалдык өз алдынча башкаруулары аркылуу иштөөгө макулдук берилсин.

2. 2019-жылдын декабрь айына чейин долбоорлор менен иштөөнү колго алуусу Өзгөн шаарынын мэриясынын тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Өзгөн шаарынын мэри С.Пратовго тапшырылсын.      

 

Төрага

А.А. Насиров