Редакцияот 09.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 6-чакырылыш 11-сессиясы

 

2016-жылдын 9-февралы № 6

Айыл өкмөтүнүн айылдарынын көйгөйлүү маселелери жөнүндө

Майдан айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 11-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы таштанды таштоочу жайларга, Сары-Алтын айылындагы ФАПка жана Кара-Дөбө айылындагы балдар бакчасынын оңдоп түзөө иштерине, Жаны-Абад, Исфайрам, Сары-Алтын айылдарына электр столбалары, Бак , Сары-Алтын, Исфайрам айылдарына электр чубалгылары алынып берилсин, Кара-Жыгач айылындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун урматына койулган эстеликти, Кара-Жыгач маданият үйн жана айыл өкмөтүнүн негизги имаратын оңдоп түзөө иштерине акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Курмушуев