Редакцияот 19.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 13-сессиясынын протоколу

 

2016-жылдын 19-апрели №18

Майдан айыл өкмөтүнүн балансасындагы Нива – 21214 автомобилин алмаштыруу жөнүндө

Майдан айыл өкмөтүнө Орозбеков айыл өкмөтүнүн Нива – 21214 автомобилин балансасына өткөрүп берүү боюнча 2016 – жылдын 28–мартындагы № 220 чыгышталган кайрылуусун карап чыгып, Майдан айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Майдан айыл өкмөтүнүн балансасындагы Нива – 21214 автомобилин Орозбеков айыл өкмөтүнүн балансасына өткөрүп берүү жагы айыл Өкмөт башчысына жүктөлсүн.

2. Жаныдан келген Нива – 21214 автомобилин Майдан айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы каражат жана бюджет комитетине жүктөлсүн.

4. Ушул токтомду юстициядан өткөрүп каттоону жооптуу катчы Досан уулу Шермаматка жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Курмушуев