Редакцияот 17.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Таш айылдык кеңешинин бешинчи чакырылыштагы кезектеги 18-сессиясы

 

2016-жылдын 17-февралы № 44

Өзгөн райондук мамлекеттик салык кызматынын 09.04.2016-ж № 1561, 29.01.2016-жыл № 15–ж жер салыктарынын базалык ставкаларын көбөйтүү жөнүндөгү каттарын жетекчиликке жана аткарууга алуу жөнүндө

2014-жылдын 31-декабрындагы № 182 КР Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүлөрдү киргизүү жөнүндө КР Мыйзамынын негизинде Салык кодексинин 337 беренесинин 6-пункутуна ылайык айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын көбөйтүү жөнүндөгү Өзгөн райондук салык кызматынын жогорудагы көрсөтүлгөн каттары Кара-Таш айылдык Кеңешинин финансы, экономика, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала талкууланып, алардын сунуштарынын негизинде Кара-Таш айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн райондук Мамлекеттик салык кызматынын 09.04.2016-жыл. №1561, 29.01.2016-ж № 15-ж жер салыктарынын базалык ставкаларын көбөйтүү жөнүндөгү каттары аткарууга алынсын.

2. 2016-жылдан тартып юридикалык жер салыгы кайрак айдоо 85,60т, чөп ормо-50,00 т, жайыт салыгы 15-сомго белгиленсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы,экономика, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б.Максутов

 

№ 44 токтомуна тиркеме № 1

Кыргыз Республикасынын Премьер министринин 2016-жылдын 01.01.2016-жылдагы № 013241 сандуу кайрылуусун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин 201.01.2016- жылдагы № 11-185 сандуу кайрылуусунун жана Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын 29.01.2016-ж № 15 сандуу катынын негизинде, КР Салык кодексинин 337, 339 беренелерине ылайык Кара-Таш айылдык кеңешинин 5 шайланган кезексиз сессиянын 17-февраль 2016-жылы № 44 токтомунун негизинде төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр бекитилди.

 

1.Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы сугат, кайрак. Чөп ормо жана жайыт жерлеринин жер салыгынын өлчөмү 2016-жылдын 1-январынан баштап базалык өлчөмү 20% пайызга жогорлатуу менен бекитилди.

 

 

га

ставка

сумма

20%

Утв ставка

сумма

айрымасы

Суугат

 

 

 

 

 

 

 

Кайрак

804

62-30

50,1

 

85-60

68,8

+18,7

Чөп ормо

676

33-70

22,8

 

50-00

33,8

+11,0

Жайыт

1064

13-90

14,8

 

15-00

16,0

+1,2

 

 

 

 

 

 

 

 

Итого

 

 

87,7

 

 

118,6

+30,9

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер салыктарынын өлчөмдөрүн өзгөртүлгөндөң кийин Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин жеткизилген жер салыгынын көлөмү 2016-жылга карата 30,9 миң сомго көбөйтүлүп айыл өкмөтүнүн бюджеттинин киреше бөлүгүнө аткарылууга тийиш.

 

Кара-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы

С. Куланбаев