Редакцияот 25.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 25-апрели №183

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн иш кагаздары боюнча жетектөөчү адис Нуралиева Т.Д. кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык кенештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн иш кагаздары боюнча жетектөөчү адис Нуралиева Т.Д. жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Бекмолдо айыл аймагында элдик жыйындарда протокол ,токтомдор жазууга жана башка иш кагаздары көп болуп кеткендигине байланыштуу диктофон (1 даана) жана ноутбук (1 даана) айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен алынып берилсин.

3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С. Өмүралиевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Орозалиев