Редакцияот 25.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 25-апрели № 195

Жер-Үй Алтын кени тарабынан 2015-жылдын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүнүн планынан ашкан 157 242 232 сом эркин каражатты максаттуу пайдалануу жөнүндө

Күн тартибине коюлган 05.04.2016-жылдын Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын жалпы элдин жыйынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылына айыл чарба техника: КАМАЗ, МАЗ 1 (бир)даана алуу үчүн 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражаты 157 242 232 сомдун ичинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С. Өмүралиевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Орозалиев