Редакцияот 25.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 25-апрели №208

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн китепканачы Мырзалиева С. кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык кенештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекмолдо айыл аймагындагы Сасык-Булак айылынын китепканачысы Мырзалиева С. жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

2. Сасык-Булак айылынын № 8 китепканасына муктаж болгон керектүү буюмдарды алуу үчүн сметада көрсөтүлгөн баада 206 000 (эки жүз алты) миң сом айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С. Өмүралиевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Орозалиев