Редакцияот 25.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 25-апрели № 209

Жер-Үй Алтын кени тарабынан 2015-жылдын жыйынтыгы менен киреше бөлүгүнүн планынан ашкан 157 242 232 сом эркин каражатты максаттуу пайдалануу жөнүндө

Күн тартибине коюлган 08.04.2016-жылдын Бекмолдо айыл аймагындагы Чон-Токой айылынын жалпы элдин жыйынын протоколун карап жана талкуулап чыгып, айылдык кеңештин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекмолдо айыл аймагындагы Чоң-Токой айылынын күн чыгыш тарабындагы үлүш жерге баруучу жолду оңдоого 2 000 000 (эки миллион ) сом акча каражаты 157 242 232 сомдун ичинен бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу С.Өмүралиевага милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Орозалиев