Редакцияот 04.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАРКАЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 6-чакырылыш кезексиз бешинчи сессиясы

 

2017-жылдын 4-февралы № 9

Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн Пылдырак айылынын тургундарынын арызын жана Кадамжай райондук хатибияттын имам хатиби А. Мирзаевдин Пылдырак айылына мечит куруу боюнча сураныч катын карап чыгуу жөнүндө

Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн Пылдырак айылынын тургундарынын арызын жана Кадамжай райондук хатибияттын имам хатиби А. Мирзаевдин Пылдырак айылына мечит куруу боюнча сураныч катын жана айыл чарба тейлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 01-февралындагы чечимин карап талкуулап чыгып Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн Пылдырак айылынан мечит куруу учун 0,10 га жер ажыратылып берилсин.

2. Марказ айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн Пылдырак айылына курулуучу мечиттин иш кагаздарын даярдоо жагы айыл аймагынын айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл суу чарбасын тейлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

М.Шамшиев