Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2013-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 140 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

1998-жылдын 9-октябры ПУ № 305

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы жөнүндө

(КР Президентинин 2000-жылдын 22-декабрындагы ПЖ № 363 Жарлыгына ылайык)

Бажы төлөмдөрүн алуу боюнча бажы мекемелеринин ишин кыйла натыйжалуу уюштуруу үчүн шарт түзүү жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө бажы пошлиналарынын өз убагында төгүлүшүн камсыз кылуу, бажы иши жагындагы мамлекеттин контролдук функцияларын тартипке салуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясына кайра түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Мамлекеттик бажы инспекциясы жөнүндөгү Жобону бекитсин;

- ушул Указдан келип чыккан мыйзам актыларынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте киргизсин;

- өз чечимдерин ушул Указга ылайык келтирсин.

3. (КР Президентинин 2000-жылдын 22-декабрындагы ПЖ № 363 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 17-январындагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети жөнүндөгү" Указы күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Бул Указ кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А.Акаев