Редакцияот 23.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛЕКСАНДРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Александровка айыл аймагынын кеңешинин сессиясынын XXVI чакырылышы

 

2015-жылдын 23-октябры № 65

“Насыяларды жылдыруу жөнүндө”

Александровка айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А. Ибраимованын, Александровка айыл аймагынын орто мектептерине чарбалык товарларды сатып берүүгө акча каражатынын жетишсиздиги жөнүндө маалыматын угуп, Александровка айыл аймагынын кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 70661 бөлүмүнөн (турак-жай жана коммуналдык тейлөөлөр) бөлүнгөн акча каражаты 100 000 (жүз миң) сом өлчөмүндө жылдырылсын:

- 22154900-беренесинен (башка тейлөөлөр)

- 22221200-беренесине (чарба үчүн керектелүүчү башка товарлар)

2. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Александровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Сушанлого жүктөлсүн.

 

Төрага

Ш.И. Ягузов