Редакцияот 26.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢ-АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 26-февралы № 4

Кең-Арал айыл аймагынын административдик чек арасын бекитүү жөнүндө

Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын даярдаган Кең-Арал айыл аймагынын административдик чек арасын белгилөө боюнча материалдарын карап чыгып, Кең-Арал айылдык аймактык кеңешинин XXXVIII-чакырылышынын  кезектеги 2-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кең-Арал айылынын административдик чек арасы тиркелген баяндоосу боюнча бекитилсин.

2. Кең-Арал айылдык кеңешинин чечими Кең-Арал айыл аймагы тарабынан бекитилсин.

 

Төрага

И. Изаканов