Редакцияот 29.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕМИР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Эл депутаттарынын Темир айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XХIII сессиясы

 

2016-жылдын 29-февралы № 15

Жазгы талаа иштерин көзөмөлдөө жөнүндө

Жаздын эрте келишинин жана аба ырайынын кескин өзгөрүлүшүнө байланыштуу Темир, Кашат айылдарынын тургундарына үлүшкө бөлүнгөн айыл чарба багытындагы жерлерин алдын-ала көзөмөлдөө максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-жылдын 10-мартынан тартып айдоо аянттарына мал жайуга тыюу салынсын.

2. Эгерде үлүш жерлерге 2016-жылдын 10-мартынан тартып мал киргизилсе, актынын негизинде төмөндөгүдөй айып төлөнсүн:

а) бодо мал (жылкы, уй)-1000 сомдон ар бир башка

б) кой, эчки-500 сомдон ар бир башка

в) канаттуулар (тоок, индюк ж.б.)-100 сомдон ар бир башка

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Темир айыл өкмөтүнүн башчысы А. Дулатовго жана жайыт комитетинин төрагасы К. Мусаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

К.Ж. Чыналиев