Редакцияот 24.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXVIII сессиясы

 

2016-жылдын 24-марты № 28/ 5

Кара-Тоо айылы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн тургундарына «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

Семиз-Бел айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн тургундарына «Ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндѳ Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана айыл тургундарынын тиешелүү документтерин карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 8-пунктуна ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Семиз-Бел айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын тѳмѳндѳгү айыл тургандарына берүү жагы сунушталсын. Кара-Тоо айылынын тургундары Осмоналиев Өмүрбек, Кадыбаев Нурлан Чекилдек айылынын тургундары Курманалиев Yсѳнмамыт, Тентимишов Туйту Семиз-Бел айылынан Жумабаев Нурлан, Чалбаев Орозобек Арсы айылынын тургундары Рысалиева Салика, Устаев Сынтырбек.

2. Айыл тургандарына «Ардактуу атуул» наамын берүү жагы Кочкор райондук кошмо жыйындар кеңешинен суралсын.

 

Төрага

М. Букамбаев