Редакцияот 26.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин 16-чакырылышынын 2- кезектеги сессиясы

 

2016-жылдын 26-февралы № 1

Кара-Суу айыл аймагындагы айыл ѳкмѳтγндѳ таза суунун тарифин кайрадан карап чыгып, бекитγγ жѳнγндѳ

Кара-Суу айыл аймагынын айыл аймагынын айылдык кеңешинин тѳрагасы К. Иманкуловдун билдирγγсγн угуп жана талкуулап, жергиликтγγ кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагындагы ичγγчγ таза суунун тарифин 15 (он беш) сом жана 10 (он) сом болгондогу болжолдуу сметасы элдик жыйынга тааныштырылгандыгы белгиленсин.

2. Жалпы элдик чогулуштун 25-февраль 2016-жылдагы № 4 протоколунун негизинде ичγγчγ таза суунун тарифи 15 (он беш) сом болуп бекитилсин.

3. Токтомду аткаруу жагы таза суунун башчысы М. Тентимишовго жана бухгалтери Т. Токоевага жγктѳлсγн.

 

Төрага

К. Иманкулов