Редакцияот 26.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин 16-чакырылышынын 2-кезектеги сессиясы

 

2016-жылдын 26-февралы № 6

Кара-Суу айыл аймагынын айыл ѳкмѳтγндѳ аукционго коюлуучу жерлердин баштапкы баасын аныктоо жѳнγндѳ

Кара-Суу айыл ѳкмѳтγнγн жер адиси Ж. Yшγмбаевдин маалыматына ылайык айылдык кеңешинин 16-чакырылышынын тѳрагасы К. Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтγγ кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагындагы жерлерди аукционго коюуу жана баштапкы баасын аныктоо максатында айылдык кеңештин агрардык тармагындагы депутаттар жана айыл ѳкмѳтγнγн кызматкерлеринин катышуусунда тѳмѳндѳгγдѳй комиссиянын курамы тγзγлсγн:

1. Б. Мусалиев - агрардык комитеттин тѳрагасы, комиссиянын тѳрагасы.

2. К. Молдажиева - жооптуу катчы, комиссиянын катчысы.

Мγчѳлѳрγ:

3. К. Уметов - башчы

4. Чоро Тентимишов - агрардык тармактын мγчѳсγ

5. Б. Ѳмγрбеков - агрардык тармактын мγчѳсγ

6. К. Уметов - башчы

7. М. Абдрахманов - турак жай адиси

8. К. Шааев - Дыйкан айыл башчы

2. Аукцион ѳткѳрγγдѳ аукциончу болуп айыл ѳкмѳтγнγн жер адиси Ж. Yшγмбаев дайындалсын.

3. Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл ѳкмѳт башчы К. Уметовго жγктѳлсγн.

 

Төрага

К. Иманкулов