Редакцияот 25.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин 16-чакырылышынын 3-кезексиз сессиясы

 

2016-жылдын 25-апрели № 3

Кара-Суу айыл аймагында «Ардактуу Атуул» наамын берүү жѳнγндѳ

Кара-Суу айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы К. Уметовдун жашоочулардан келген сунушун тааныштыруу менен бирге билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айылынын тургуну, айылдык кеңешинин жана Ат-Башы райондук кошмо жыйындын тѳрагасы Кубанычбек Иманкулов Үсѳнбаевичке кѳп жылдан берки айылдын эли үчүн кѳптѳгѳн кѳйгѳйлѳрдү чечүүдѳ кошкон салымын баалап, Кара-Суу айылынын жашоочулары тарабынан берилген сунушунун негизинде Кара-Суу айылынын «Ардактуу Атуулу» наамы берилсин.

2. Тиешелүү күбѳлүгү менен камсыз кылуу жагын ѳзүмѳ калтырамын.

 

Төрага

Б. Мусалиев