Редакцияот 22.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин бешинчи чакырылыш кезексиз он биринчи сессиясы

 

2014-жылдын 22-майы № 11/5

Орозбеков айылдык аймагынын Орозбеков айылындагы Ленин көчөсүн Камыл Мурзаканов деп өзгөртүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселе боюнча Күлдү айылынын айыл башчысынын билдирүүсүн угуп, талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Орозбеков айылдык аймагынын А. Орозбеков айылынын Ленин көчөсү К. Мурзаканов болуп өзгөртүлсүн.

2. Жаңыдан коюлган көчөлөргө илинүүчү көчөнүн аты жазылган жарнакты жана үйлөргө илинүүчү номерди илүүнү уюштуруу жагы Орозбеков айылдык өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

М. Эргешов