Редакцияот 22.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын он үчүнчү  сессиясы

 

2014-жылдын 22-октябры № 13/1

Орозбеков айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фонддун жерлеринин инвентаризациясын бекитүү жөнүндө

Күн тартибиндеги «Орозбеков айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фонддун жерлеринин инвентаризациясын бекитүү жөнүндөгү» маселени карап, талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фонддун жерлеринин инвентаризациясы боюнча түзүлгөн карта бекитилсин.

2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлери боюнча жүргүзүлгөн инвентаризация бекитилсин.

3. Орозбеков айыл өкмөтγнүн аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлерин Кадамжай райондук комиссиясына  бекитип берүү жагы сунушталсын

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

М. Эргешов