Редакцияот 22.10.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын он үчүнчү  сессиясы

 

2014-жылдын 22-октябры № 13/4-1

Кызыл Мазар СООВПнун тарифин көтөрүү  жөнүндө

Күн тартибиндеги «Кызыл Мазар СООВПнун тарифин көтөрүү жөнүндөгү» маселени карап, талкуулап Орозбеков айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Орозбеков айыл өкмөтүнү  Күлдү  айылындагы Кызыл Мазар СООВП тарифин көтөрүү боюнча депутат Г. Нажиеванын билдирүүсү эске алынсын.

2. Тарифти көтөрүү боюнча уюштуруу иштерин жүргузүү жагы Күлдү шайлоо участкасынын депутаттарына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

М. Эргешов