Редакцияот 19.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 19-майы № 21

Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды жана Жаңы-Жер айылдарына трансформатор алуу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды жана Жаңы-Жер айлынын жашоочуларынын арызынын негизинде Жаңы-Жер айылынын айыл башчысы М. Момбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги LXII  сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды жана Жаңы-Жер айылдарына трансформатор орнотуу үчүн трансформаторго тийиштүү болгон шаймандарды сатып алуу үчүн 80 000 (Сексен миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Дара айыл өкмөтүнүн Кайыңды жана Жаңы-Жер айылдарына трансформатор орнотуу үчүн трансформаторго тийиштүү болгон шаймандарды тактап, керектүү болгон акча каражатын бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Зайналовго жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Зайналовго тапшырылсын.

 

Төрага

А. Мажилимов