Редакцияот 19.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИНЧИ МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Айыл кеңешинин XXVI чакырылышынын XVI сессиясы

 

2015-жылдын 19-октябры № 93

“Кошумча төлөмгө акча каражатын бөлүү жөнүндө”

ФЭБ башчысы Н. Б. Жумагулованын № 1 АОМ чатырын капиталдык оңдоо жана № 4 АОМ жылытуу тутумун капиталдык оңдоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууда кошумча төлөмгө акча каражатын бөлүү,үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоо үчүн айыл өкмөтү КР Финансы Министрлигине табыштама жибере тургандыгы, № 1 АОМ чатырын капиталдык оңдоо боюнча долбоорунун баасы 1305,8 миң сом, № 4 АОМ жылытуу тутумун капиталдык оңдоо 1119,4 миң сом жана кошумча төлөмдүн өлчөмү 20% же № 4 АОМ – 223,9 миң сом, № 1 АОМ – 261,2 миң сом жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап. Биринчи Май айыл кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылоого жиберүүлүчү долбоорлордун тизмеги бекитилсин:

- № 4 АОМ жылытуу тутумун капиталдык оңдоого 1251,8 миң сом;

- № 1 АОМ чатырын капиталдык ондоого 995,1 миң сом.

2. ФЭБ башчысы Н. Б. Жумагуловага 2016 – жылдын бюджетин түзүүдө № 4 АОМ – 250,4 миң сом жана № 1 АОМ – 467,2 миң сом кошумча төлөмгө акча каражатын бөлүп берүү каралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы М. Кадыркуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Б. Саралаев