Редакцияот 19.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 19-февралы № 63/22-26

Юрьевка айыл өкмөтүнүн аймагындаайыл чарба багытындагы жерлердиколдонуу үчүн жер салыгынынын чөлкөмдүгүн аныктоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 31.12.2014-жылдагы № 182 “Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын негизинде Юрьевка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Юрьевка айыл өкмөтүнүн аймагында айыл чарба багытындагы жерлерди колдонуу үчүн чөлкөмдүк коэффициенти К-1 - 1,04 өлчөмдө аныкталсын.

2. Юрьевка айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Ч. Кульжигитовага:

- бул токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизидсин;

- бул токтомдун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланышы камсыз кылынсын

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

М. Эминов