Редакцияот 26.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Самаркандек айылдык кеңешинин IV чакырылышынын  кезексиз VIII сессиясы

 

2016-жылдын 26-февралы № 2-6

Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгы менен Самаркандек айыл өкмөтү түзүлгөн типтүү келишимин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан бекитилген типтүү келишимдин негизинде Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгы менен Самаркандек айыл окмөтү түзүлгөн типтүү келишимин бекитүү максатында Самаркандек айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгы менен Самаркандек айыл өкмөтү түзүлгөн типтүү келишими бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Г.Кошматовго тапшырылсын.

 

Төрага

А. Насыров