Редакцияот 23.03.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ҮҢКҮР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

 

2016-жылдын 23-марты № 1

“Кызыл-Үңкүр токой чарбасы боюнча өндүрүлө жана сатыла турган продукциялардын жана ижара акылардын 2016-жылга карата минималдык баасын бекитүү жөнүндө”

Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директору З. Семетеевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап Кызыл-Үңкүр айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Үңкүр токой чарбасы боюнча өндүрүлө жана сатыла турган продукциялардын, ижара акылардын 2016-жылга карата каралган баа өлчөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин:

- Отун жергиликтүү элдер үчүн-1 м 3-300 сом

- Айыл аймагынан сырткары отун сатуу-1м 3-1200 сом

- Мекеме-уюмдар үчүн 1 м 3-400сом

Ижара акылары:-1га чөп орок-200 сом

- 1 га жангак жайыт-1000 сом

- Токой чарбанын бал аары уюктары үчүн 1 кг бал-110 сом

- Токой фондунун жерине менчик бал аары уюгун койгондугу  үчүн 1 даана бал челегине -48 сом 06 тыйын

- жайыт акы 1 га -96 сом 12 тыйын

- Сай жээгиндеги дем алуу жайлар үчүн бир жылга 5000 сом

2. Кызыл-Үңкүр токой чарбасы боюнча өндүрүлө жана сатыла турган продукциялардын,ижара акылардын 2016-жылга карата каралган баа өлчөмдөрүн көзөмөлдөө, калктын нааразычылыгын туудурбай иш жүргүзүү Кызыл-Үңкүр токой чарбасынын директору З. Семетеевке милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин экология жана токой чарба маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К. Арзиевке милдеттендирилсин

 

Төрага

А. Жамгырчиев