Редакцияот 04.04.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШОПОКОВ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Шопоков шаардык кеңешинин 8-чи чакырылышынын ХI сессиясы

 

2014-жылдын 4-апрели № 54

“Акылуу кызматтардын баасына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”

Базар конъюнктурасынын өзгөрүүсүүнө байланыштуу, Шопоков шаардык депутаттар кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Төмөнкү кызматтарга өзгөрүү киргизилсин:

2.    Жер тилкелерин курулушка каттоодо жана жеке турак – жайларды тейлөөдө ар бир 0,01 га Шопоков шаарынын жашоочуларына – 1000 сом.

3.    Жеңил дүкөнчөлөрдү орнотууга, жер тилкелерин бөлүп берүү 1м2 – 300 сом.

4.    Үй курулуш жана жер тилкелерин бекитүү – 400 сом.

5.    Соода түйүндөрүнүн ижара келишимдерин каттоонун минималдуу акысы 1м2 – 300 сом, ижара акысынын баасынын көбөйүшү объекттин орун алган жеринен жана жер комиссиясынын чечимине жараша өзгөрөт.

 

Төрага

А. Демьянов