Редакцияот 10.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Талды-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXVI чакырылышынын XXVI сессиясы

 

2016-жылдын 10-майы № 26/2

Өзгөрүш айылынын тургуну Жаанбаев Бактияр мал сарайдан алган үлүшүн менчикке бекитип берүү жөнүндө депутаттардын Талды-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөрүш айылынын тургуну Жаанбаев Бактиярга Талды-Суу аймагынын Өзгөрүш айылында түзүлгөн «Асанкары», «Таш-Кыя» дыйкан чарбаларынын биргелешкен чогулушунун 2001-жыл 3-майдагы № 2 токтомунун негизинде жалпы үлүшкө тийген мал баккан сарайдан 7 (жети) жанга 3 (үч) пролёту менен 465,75 м2 жер аянтын бөлүнүп берилсин.

2. Тиешелүү укуктук документтери менен камсыз кылуу Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жер,турак жай,коммуналдык менчик,жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Н. Алакуновго тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Молоев