Редакцияот 06.01.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Бак айылдык кеңешинин бешинчи чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы

 

2016-жылдын 6-январы № 02

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2015-жыл ичинде аткарган иштери боюнча айыл өкмөт башчысынын отчетун угуу жөнүндө

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын 2015-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчетун угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын 2015-жыл ичинде аткарган иштери канааттандыраарлык деп табылсын.

2. 2016-жылы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелерине өзгөчө көңүл буруп көзөмөлгө алуу жагы тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Д. Нишанбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Каламбеков