Редакцияот 17.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛГА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Алга айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XV сессиясы

 

2016-жылдын 17-февралы № 4

Алга айыл өкмөтүнүн 2015-жылда кожолуктардан алынуучу таштандыларды чыгаруу жыйынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө

Алга айыл өкмөтүнүн салык боюнча жетектөөчү адиси М. Маназаровдун  2015-жылга кожолуктардан алынуучу таштандыларды чыгаруу жыйынынын өлчөмүн белгилөө жөнүндөгү билдирүүсүн талкуулап, карап чыгып, айылдык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Алга айыл өкмөтүнүн 2016-жылга кожолуктардан алынуучу таштандыларды чыгаруу жыйыны 50(элүү) сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Алга айыл өкмөтүнүн 2016-жылга кожолуктардан алынуучу таштандыларды чыгаруу жыйынын эсебин чыгаруу жана мыйзам чегинде аткаруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияга жүктөсүн.

 

Төрага

Н. Пазылов